Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек ШИИБдин Патрулдук-посттук кызмат полкунун жаңы административдик имаратынын, ошондой эле өлкө боюнча Ички иштер министрлигинин 42 объектисинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара кыргыз милициясынын 102 жылдыгын майрамдоонун алкагында өттү. Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттарды куруу жана автоунаа паркын жаңылоо «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Президенттин айтымында, инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган.
Салтанаттын жүрүшүндө президент ИИМди 102 жылдыгы менен куттуктап, анын мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарын белгиледи. Ал 1-декабрдан тарта милиция кызматкерлери жогорулатылган айлык маяна ала баштарын, ошондой эле ардагерлердин пенсиясы да көбөйөрүн билдирди.
Кыргыз милициясынын 102 жылдыгынын урматына ведомствого 102 жаңы унаа берилет, ал эми өлкө боюнча ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн 42 жаңы имараты ачылат. Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо улантылат.
Президент техникалык жабдуу жана социалдык колдоо кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгү менен коштолушу керектигин баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин катышуусунда онлайн форматта өлкөнүн аймактарындагы ИИМдин 42 объектисинин ачылышы болду. Алардын катарында райондук ички иштер бөлүмдөрү, шаардык милиция бөлүмдөрү, балдар бакчасы жана башка объектилер бар.
Андан соң мамлекет башчысы Бишкек ШИИБдин Патрулдук-посттук кызмат полкунун жаңы үч кабаттуу административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Имаратта кызматкерлердин иши жана күнүмдүк кызматы үчүн зарыл шарттар түзүлгөн: «Санарип патруль» борбору, кезекчи бөлүм, ашкана, казармалык жайлар жана жумушчу кабинеттер жайгашкан.
Ачылыш аземинин соңунда Садыр Жапаров эстелик китебине жазуу калтырды.


































