Президенттин Администрациясынын маалыматы боюнча, Асеин Исаев Бельгия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул чечим Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен бекитилген.
Асеин Исаев мурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары кызматын аткарган. Ал дипломатиялык кызматта тажрыйбалуу адис катары таанылган.
Документтен
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Исаев Асеин Кусеинович Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Кадр чечими













