Кыргызстан Өзбекстандын Андижан шаарында өзүнүн жаңы дипломатиялык представительствасын ачат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдын кол койгон жарлыгында айтылган. Жаңы түзүлгөн Башкы консулдуктун ишмердүүлүгү эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө кызмат кылат.

Документке ылайык, жаңы консулдук округ Өзбекстандын үч облусун камтыйт:

Башкы консулдуктун негизги милдеттеринин бири — Өзбекстанда жүргөн Кыргызстан жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын консулдук тейлөөсүн камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары, өкүлчүлүктүн ачылышы эки өлкө арасындагы экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Министрлер Кабинетине Башкы консулдукту ачууга байланыштуу уюштуруу жана финансылык маселелерди чечүү, ошондой эле тиешелүү ченемдик актыларды жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды. Жарлык 10 күндөн кийин күчүнө кирет.