Президент Садыр Жапаров 13-октябрда А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда мекеменин учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы 2023-жылы циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Мамлекеттик колдоонун аркасында циркти жаңылоого, артисттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана балдар менен чоңдор үчүн сапаттуу маданий эс алууну уюштурууга шарттар түзүлгөн.
Ошого карабастан, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу ишине тоскоол болуп келген.
Садыр Жапаров цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өсүшүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун ордосу болушу керектигин баса белгиледи.
Ошондуктан сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынган. Цирктин директорлугуна Нурлан Конокбаев дайындалган — ал Казакстандын жараны, бирок Кыргызстандын туулуп-өскөнү жана Кыргыз улуттук консерваториясынын "режиссёр-хореограф" адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Ал эл аралык чыгармачылык тажрыйбага ээ.
Мамлекеттик цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өсүшүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун ордосу болушу керек.
Президент жаңы жетекчиге колдоо көрсөтүп, кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана мекеменин натыйжалуу ишин жөнгө салууну тапшырды.
Кадр чечими
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору
Казакстандын жараны, Кыргызстандын туулуп-өскөнү, Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүсү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси13-октябрь 2026-жыл
14-октябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов коллективге жаңы директорду тааныштырышты.
Мирбек Мамбеталиев цирк өнөрүн өнүктүрүүнүн, чыгармачыл жамаатты колдоонун жана көрүүчүлөр үчүн программалардын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жаңы директорго ийгилик каалап, мекеменин чыгармачылык дараметин ачуу, жаңы ыкмаларды киргизүү жана эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты.













