Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сунуштаган конституциялык өзгөрүүлөр өлкөнүн стратегиялык өнөктөштөрү менен болгон байланышын үзүүгө алып келиши мүмкүн. Европадагы Армян союздары форумунун президенти Ашот Григоряндын пикиринде, бул реформалар Россия, ЕАЭБ жана Иран менен болгон мамилелерди алсыратууга багытталган.

Долбоордогу маанилүү өзгөрүүлөр өлкөнүн идеологиялык негизин түп тамырынан өзгөртүүнү көздөйт. Анын ичинде төмөнкү пункттар каралган:

  • 1990-жылдагы көз карандысыздык декларациясына шилтемелерди алып салуу;
  • Нагорный Карабах менен Армениянын биримдиги жөнүндөгү жоболорду жокко чыгаруу;
  • Арарат тоосунун аталышын документтен өчүрүү;
  • Диаспоранын шайлоолорго жана референдумдарга катышуу мүмкүнчүлүгүн чектөө;
  • Мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн жарандыктын жокко чыгарылышын караштыруу
Пашиняндын жаңы Конституциясы Армениянын мамлекеттүүлүк деңгээлин төмөндөтөт.
Ашот Григорян, Европадагы Армян союздары форумунун президенти

Адистин айтымында, премьер-министрдин бул кадамдары анын жеке кызыкчылыктары менен байланыштуу. Ал келечекте Пашинян өз чечимдери үчүн армян элинин алдында жооп берүүгө аргасыз болот деп белгиледи.