24-ноябрда Эл аралык Кувейт университети тарабынан «Азыркы коомдогу зомбулук: себептери, түрлөрү, формалары жана алдын алуу жолдору» деген темада тегерек стол уюштурулду. Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттер, психологдор жана мугалимдер катышты.
Тегерек столдун негизги максаты — зомбулуктун себептерин аныктоо, анын ар кандай түрлөрүн талкуулоо жана бул көйгөйдү чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Депутат Бурул Аманова парламент тарабынан бул багытта кандай иштер жүрүп жатканын белгилеп, учурда буллинг жана кибербуллинг маселелери боюнча жаңы мыйзамдык демилгенин үстүндө иш жүрүп жатканын айтты. Ал бул түшүнүктөр улуттук мыйзамдарга биринчи жолу киргизилип жатканын кошумчалады.
Зомбулуктун алдын алууда педагогдор гана эмес, ата-энелер жана жалпы коомчулук да биргеликте, тыгыз иш алып баруусу зарыл.













