16-ноябрда Пакистандын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 30-жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин карашты.
Кайрат Турсункулов Кыргызстандын ЭКУнун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен инфраструктуралык менен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.
Министрдин орун басары ЭКУнун башкы катчысы Асад Мажид Хан менен болгон жолугушуусунда соода, транспорт жана энергетика тармактарындагы байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Ошондой эле Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (АӨИЧК) башкы катчысы Султан Хаджиев менен жолугушуу өттү. Тараптар 2026-жылдын 15-октябрында Бакуда өткөн АӨИЧКнын жетинчи саммитинин жыйынтыктарын жана Кыргызстандын демилгелерин ишке ашыруу жолдорун карашты.

















