Күндүн аягында белдин оорушу, моюндун катып калышы жана жалпы чарчоо — компьютер алдында сегиз сааттан ашык иштеген адамдардын көбү учураган көрүнүш. Көпчүлүк адамдар муну жөн гана чарчолук же ыңгайсыз отургуч менен байланыштырып, ооруну басуучу дарыларды ичип же көнүгүү жасап жатышат. Бирок бул ыкмалар убактылуу жардам гана берет.

Эмне үчүн бел ооруйт?

Бишкек шаарындагы Ратинов клиникасынын филиалынын башкы дарыгери, невролог Азиз Мустафаевич Шамиловдун айтымында, аба ырайынын суулошу менен адамдар көбүрөөк жабык жайларда отуруп, кыймыл-аракетти азайтышат. Бир эле абалда узакка катып калуу бул көйгөйдүн негизги себептеринин бири болуп саналат.

  • белдин төмөн бөлүгүндөгү тартылуу же оорутуу
  • моюн менен ийиндеги катуулук
  • кабыргалардын ортосундагы оордук сезим
  • башты бургаганда же ийилгенде пайда болгон ыңгайсыздык
  • узак отургандан кийин пайда болгон, кыймылдаганда басаңдаган оору

Мындай белгилер бул жөн гана чарчоо эмес, бул булчуңдардын ашыкча чыңалуусу, аз кыймылдуу жашоо образы же омуртканын ооруларынын белгиси болушу мүмкүн. Ошондой эле, эки адамдын белгилери окшош болсо да, алардын диагнозу ар башка болушу ыктымал.