Изилдөөнүн алкагында окумуштуулар эрте башталган Альцгеймер оорусу менен 407 бейтаптын медициналык маалыматтарын карап чыгып, аларды курактык жана жыныстык көрсөткүчтөрү боюнча дал келген 4 миңден ашык адамдын маалыматтары менен салыштырышты.

Диагнозго чейин пайда болгон белгилер

Жыйынтыктар көрсөткөндөй, диагноз коюлганга чейин беш жыл ичинде бейтаптарда депрессия, баш айлануу, баш оору, баш мээ травмалары, эпилепсия, мээ кан айлануусунун бузулушу, калкан сымал бездин оорулары жана ашыкча спирт ичимдиктерин керектөө менен байланышкан көйгөйлөр көбүрөөк байкалган.

Мындан тышкары, кулактагы чуу жана угуунун начарлашы оору аныкталганга чейин 6-10 жыл мурун эле кездешкен.

Салттуу тобокелдик факторлору эрте башталган ооруда рол ойнобойт

Кызыгы, улгайган курактагы Альцгеймер оорусунун белгилүү тобокелдик факторлору болгон жогорку кан басымы жана липид алмашуунун бузулушу эрте башталган оору менен ооругандарда көзөмөл тобундагы катышуучуларга караганда көбүрөөк кездешкен эмес.

Изилдөөнүн маалыматы боюнча, ден-соолук көйгөйлөрүнүн саны жана медициналык жардамга кайрылуулар диагноз коюлганга чейин болжол менен беш жыл мурун байкаларлык өсө баштап, акыркы жылда эң жогорку чегине жеткен.

Изилдөөчүлөр баса белгилегендей, аныкталган белгилердин бири да өз алдынча Альцгеймер оорусунун өнүгүп жатканын далилдебейт. Бирок бир нече белгинин айкалышы дарыгерлерге ооруну өз убагында шектенүүгө жардам берет.
Изилдөөнүн авторлору

Окумуштуулардын айтымында, бул ачылыш эрте башталган Альцгеймер оорусун эртерээк аныктоого жана дарылоону баштоого мүмкүнчүлүк түзөт.