Азия футбол конфедерациясы (АФК) турнирдин өткөрүлүү мөөнөтүнүн жаңы даталарын жарыялады. Жаңы план боюнча, мелдештер 2027-жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өткөрүлөт.

  • 2027-жыл, июнь — Бишкек Арена стадионун тарыхый ачылыш матчын өткөрүүнү пландаштыруу

Кыргыз футбол союзунун (КФС) башкы катчысы Медербек Сыдыков жаңы тренердик штаб турнирге планомердик түрдө даярданып жатканын белгиледи. Анын айтымында, АФК бул үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берген.

Азия кубогунун жылдырылышы биздин командага «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган алгачкы футбол матчына сапаттуу даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Аба ырайынын шарттарынан улам стадиондун талаасын ФИФАнын март айындагы эл аралык даталарына чейин даярдоо мүмкүн болгон жок, ошондуктан биз стадиондун тарыхый ачылышын 2027-жылдын июнь айына пландап жатабыз.
Медербек Сыдыков, Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы

Өлкөнүн курама командасынын башкы тренери Урмат Абдукаимов турнирдин мөөнөтүнүн жылдырылышында ар кандай жагдайлар бар экенин айтты, бирок ал пайдалуу жактары көбүрөөк экенин белгиледи.

Мен пайдалуу жактарын көбүрөөк көрүп жатам. Эң оболу, бул кошумча убакыт дегенди билдирет. Убакыт — ар бир тренерлик штат жана команда үчүн эң маанилүү ресурстардын бири. Ал бизге ушундай маанилүү турнирге дагы да кылдат даярданууга шарт түзөт.
Урмат Абдукаимов, Кыргызстандын курама командасынын башкы тренери

Абдукаимовдун белгилегендей, учурда команда машыгуу процессине жана даярдыктын сапатына, башкача айтканда, өз көзөмөлүндөгү иштерге гана көңүл буруп жатышат.