Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун ортосундагы 8-аскердик кеңеш жана мамлекеттик чек арадагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча регионалдык жолугушуу болуп өттү. Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин командачысы Салимжон Хусанов, эки мамлекеттин өкүлдөрү жана Бишкектеги ОБСЕ Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт катышты.

Мамлекеттик чек араны натыйжалуу коргоо туруктуу өз ара аракеттенүүнү талап кылат.
Данияр Сатимов

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын башынан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде бир дагы чек ара инциденттери же чыр-чатактар катталган эмес. Келип чыккан маселелер эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосундагы өз ара байланыштын аркасында жергиликтүү деңгээлде ыкчам чечилет.

Тараптар 2026-жылдын 10 айы ичиндеги биргелешкен иштердин жыйынтыгын чыгарып, чек ара коопсуздугу, контрабандага, баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансчекаралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда өзгөчө көңүл учура беспилоттик учарлардын (БПЛА) жана жасалма интеллект технологияларынын мыйзамсыз колдонулушу менен байланыштуу жаңы коркунучтарга бурулду.