Ош шаардык кенешинин сессиясынын жүрүшүндө «Жаңы Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жамал Ормонова Алай-2 конушунда суунун жоктугуна көңүл бурду. Анын айтымында, мурда суу келген резервуардан берүү токтоп калган.

Суу келген резервуардан суунун берүүсү токтоп калды. Буга ким жооп берет?
Жамал Ормонова

Бул маселе боюнча Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев түшүндүрмө берди. Ал курулган резервуарларды мыйзамга ылайык келтирүү үчүн жерлер трансформациялангандыгын жана учурда бул объекттер Курулуш министрлигинин балансына өткөнүн белгиледи.

Вице-мэрдин билдирүүсүнө караганда, азыркы учурда Алай-1 жана Алай-2 конуштарын таза ичүүчү суу системасына туташтыруу боюнча долбоор иштелип жатат.

Ушуга карабастан, биз Алай-1 жана Алай-2 конуштарын таза ичүүчү суу системасына туташтыруу боюнча долбоорду иштеп чыгуудабыз. Келерки жылы суу өткөрүүнү пландап жатабыз.
Шумкарбек Пайзиев

Депутаттын суроосуна жооп бергенде, Шумкарбек Пайзиев суунун өткөрүлүшү келерки жылдын башында эмес, ушул жылдын аягына чейин ишке ашырыла тургандыгын тактады.