Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) тарабынан даярдалган Transition Report 2026–2027 отчёзунда Кыргызстандын экономикалык потенциалына талдоо жүргүзүлдү. Эксперттердин пикири боюнча, өлкө жасалма интеллект технологияларын колдонуу аркылуу эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү боюнча эң аз көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөтүүдө.

СторисКыргызстан жасалма интеллект боюнча артта калуудаСлайддар: 5
  1. Кыргызстан жасалма интеллект боюнча артта калууда
  2. Төмөн көрсөткүч. ЕБРРдин отчётуна ылайык, Кыргызстан жасалма интеллектти киргизүү аркылуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү боюнча дүйнөлүк рейтингте эң төмөнкү беш мамлекеттин катарына кирди.
  3. < 0,1 % — эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жылдык кошумча өсүшү
  4. Эмне үчүн мындай?. Технологиялык өсүш Кыргызстанда автоматизациялоого мүмкүнчүлүгү аз болгон тармактардын көптүгү менен байланыштуу болушу мүмкүн.
  5. Кыргызстандын көрсөткүчүнөн төмөн гана Бенин, Кот-д’Ивуар, Нигерия жана Сенегал мамлекеттери жайгашкан.

Банктын болжолдоочу моделине таянса, жасалма интеллектти орто темп менен киргизген учурда, Кыргызстанда эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жылдык кошумча өсүшү 0,1 пайыздык пункттан аз болот. Бул көрсөткүч каралып жаткан экономикалардын арасында эң төмөнкүлөрдүн бири болуп саналат.

Өндүрүмдүүлүктүн өсүш мүмкүнчүлүгү

< 0,1%жылдык өсүш (Кыргызстан)
0,7%максималдуу өсүш (башка өлкөлөр)

Кыргызстандын көрсөткүчүнөн төмөн гана төмөнкү мамлекеттер жайгашкан:

  • Бенин
  • Кот-д’Ивуар
  • Нигерия
  • Сенегал

ЕБРР адистери мындай айырмачылыкты өлкөлөрдүн экономикалык түзүмү жана калктын иш менен камсыз болушунун өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүшөт. Жасалма интеллект маалыматты иштетүү, программалоо жана документтерди даярдоо сыяктуу интеллектуалдык тапшырмалар көп болгон тармактарда натыйжалуураак иштейт.