БУУнун ЭСКАТО секретариаты Кыргызстандын кагазсыз соодага өтүү боюнча улуттук жол картасын Азия-Тынч океан регионундагы трансчектик кагазсыз соода боюнча алкактык макулдашуунун катышуучуларына алдыңкы тажрыйба катары сунуштайт. Бул тууралуу соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук комитеттердин регионалдык жолугушууда экономика министрлигинин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.
Асылкуловдун айтымында, Экономика министрлиги бул документти ЭСКАТО БУУнун методологиясы боюнча иштеп чыккан жана секретариат аны жогорку деңгээлде баалаган.
Ошондой эле кыргыз тарап улуттук комитеттердин регионалдык жолугушуу форматын сунуштаган, ал эми GIZ улуттук деңгээлдеги бул демилгени колдогон. Бул жылда диалогго Азербайджан да кошулду.
Учурда Экономика министрлиги электрондук транспорттук документтерди киргизүү жана трансчектик электрондук өз ара аракеттенүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.








