Ички иштер министрлигинин коллегия жыйынында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички иштер органдарынын оперативдик-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды. Министрликтин маалыматына ылайык, ИИОнун ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн натыйжалары, ИИМ тутумун санариптештирүү боюнча иштердин жыйынтыктары, туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле ведомствонун башка актуалдуу маселелери талкууланды.
Мыйзамдуулукту камсыздоо, башкаруу процесстерин өркүндөтүү, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле кызматтык тартипти чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоого өзгөчө көңүл бурулду.
«Коопсуз өлкө» долбоору
«Коопсуз өлкө» долбоору 2026-жылдын аягына чейин толугу менен аяктаары белгилүү болду. Долбоордун алкагында республика боюнча 20 миңге жакын видеокамера орнотулат. Бул кылмыштуулуктун алдын алуунун, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуулугун кыйла жогорулатат деп күтүлүүдө.
Калкты тейлөө сапаты
Ведомство башчысы калкты сапаттуу тейлөө маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ички иштер органдарынын жетекчилерине жарандар менен иштөөдө мыйзамдуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу, алардын укуктарын жана милдеттерин өз убагында жана толук көлөмдө түшүндүрүү, мыйзамдын чегинде толук жооп берүү, ошондой эле ар бир кайрылууну кылдат карап чыгуу жана аларды ыкчам чечүү чараларын көрүү тапшырылды.




