Бүгүн, 29-октябрда, Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров Ganfeng Lithium Group Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстанга инвестиция тартуу, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын талкуулашты.

Атап айтканда, минералдык сырьёну казып алуу жана кайра иштетүү, заманбап технологияларды киргизүү жана инвестициялык демилгелерди жүзөгө ашыруу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Республика узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдар. Биз эл аралык компаниялар менен кызматташууга ачыкпыз жана өлкөнүн ресурстук потенциалын натыйжалуу пайдаланууга, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө багытталган демилгелерди кароого даярбыз.
Равшанбек Сабиров, Улуттук инвестиция агенттигинин директору

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана инвестициялык кызматташуунун келечектүү багыттарын изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу инвестиция тартууга, алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана республиканын өнөр жай потенциалын бекемдөөгө көмөктөшөөрү белгиленди.