«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы жана Malva Tour туроператору «Тамчи — Ташкент — Тамчи» багыты боюнча биринчи түз учууну аткарды. Бул каттам жумасына бир ирет жүзөгө ашырылат.
Каттамдын ачылышы өлкөлөрдүн туризм тармагын өнүктүрүүгө, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Ошондой эле авиакомпания келечекте эл аралык маршруттук тармагын кеңейтүүнү жана чет өлкөлөр менен авиасообщениени өнүктүрүүнү улантарын билдирди.

















