Кыргызстандын Башкы соту мас абалында айдап жаткан айдоочунун баланы сүзүп өлүмүнө байланыштуу ишти карады. Орок айылында болгон кырсык саат 13:30 чамасында болгон.
«Мазда-6» унаасын башкарып бара жаткан Адилет аттуу айдоочу жол эрежесин бузуп, жаш баланы сүзүп кетти. Баланын алган жаракатынан окуя болгон жерде көз жумган.
Биринчи инстанциянын соту айдоочуну КР УКдун 312-беренесинин 4-бөлүгү (Унааны мас абалында башкаруу) боюнча күнөөлүү деп таанып, 8 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салуу жазасын чыгарды.
Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүп, айдоочу Адилетти түрмөгө отургузбай, 3 жылдык пробациялык көзөмөл жүргүзүүгө өкүм кылды. Анын кесилүүсүнөн кийин сот залынан бошотулган.
Прокурор бул чечимди даттанууда болуп, биринчи соттун өкүмүн кайра жандандырууну талап кылган.
















