Манас шаарында «Өспүрүм эмгеги» аталышындагы профилактикалык рейд өтүп жатат. Иш-чарага шаардык мэриянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, ошондой эле шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышууда.
Рейддин башкы максаты — өспүрүмдөрдү оор жана алардын курагына туура келбеген жумуштарга тартуунун алдын алуу. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Базарлардагы текшерүүлөр
Рейддин алгачкы күнүндө шаардык базарларда текшерүүлөр жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында соода ишмердүүлүгү менен алектенген ондогон жашы жете электер аныкталды.
Алардын ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү эскертүүлөр берилди. Кыргызстанда жашы жете электерди тыюу салынган эмгек түрлөрүнө тартууга жол берилбейт жана мыйзам менен корголот. Эреже бузгандарга административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынат.


























