22-июлдун түнү Россиянын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы Wildberries компаниясына таандык логистикалык борборлор дрондор аркылуу кол салууга учурады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алгачкы берген маалыматтары жана диаспора менен жергиликтүү кыргызстандыктар тарабынан алынган маалыматтарга караганда, жаракат алгандар арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Кыргызстандын РФдеги элчилиги окуяны расмий түрдө тастыктоо максатында тиешелүү орус органдары менен байланышта болууда. Элчилик ошондой эле Краснодар крайындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү менен туруктуу байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп жатат.
МИД Кыргызстандын сунуштамасы боюнча мекендештерге коопсуздук чараларын күчөтүү жана жергиликтүү расмий органдардын билдирүүлөрүнө көңүл буруу зарылдыгы белгиленүүдө.
Тез жардам же консулдук колдоо зарыл болгон учурда, Кыргызстандын жарандары төмөнкү телефон номуруна кайрылса болот: Кыргызстандын РФдеги элчилиги — +79252855047; Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмү — +996999312002.
Белгилей кетсек, 18-июлда Wildberries логистикалык борборлоруна дрондор аркылуу кол салуулар Электросталь жана Котовск шаарларында да болгон. Муну менен катар жаракат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени маалымдалган.


