Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Москов облусундагы Электросталь шаарында Wildberries компаниясынын кампасында чыккан өрт боюнча билдирүү таратты.
Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин адистери окуя болгон жерге эртең менен барып, кырдаалды жакындан көзөмөлдөп жатат. Алар кампада эмгектенген мекендештер менен жолугуп, абал тууралуу маалымат алышкан.
Азыркы учурда өрт толугу менен өчүрүлгөн эмес, кампанын аймагы курчоого алынган. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барышууда.
Кыргызстандык мекендештердин зыян тартуусу боюнча тактоо иштери улантылууда. Элчилик тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатат жана Россиянын компетентдүү органдары менен тыгыз кызматташууда.























