Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү мамлекеттик банкы өзүнүн уставдык капиталын 500 миллион сомго жогорулатат. Бул тууралуу Кыргыз фондуна биржасы берген маалыматта билдирилди.

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда 2026-жылдын 19-ноябрында кабыл алынган чечимге ылайык, банк 500 миң жөнөкөй аткамирдик акцияны чыгарат. Ар бир акциянын баасы 1 миң сомду түзөт.

500 000акция саны
1 000бир акциянын баасы (сом)
500 000 000жалпы сумма (сом)

Акцияларды жайгаштыруудан кийин Өнүктүрүү мамлекеттик банкынын уставдык капиталы 23 миллиард 179,551 миллион сомду түзөт. Ошондой эле, акционерлер акциялардын үчүнчү чыгарылышынын шарттарын жана капиталдын өсүшүн эске алуу менен банктын уставын бекитти.

Мындан тышкары, банк азыркы учурда юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.