Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында (КМДБ) 2027-жылдагы Умра жана Ажылык сапарларын уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.

Каттоонун жаңы тартиби

Жыйында алдыдагы иш-чаралардын планы талкууланып, анын ичинде зыяратчыларды каттоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. 2027-жылдагы Ажылыкка каттоодо жаңы эрежелер киргизилип, ал бирдиктүү санарип система аркылуу, "Умра-Ажылык" мобилдик тиркемеси аркылуу гана жүргүзүлөрү белгиленди.

Бул санарип платформада кезектер түзүлөт, квоталар бөлүштүрүлөт, төлөмдөр жүргүзүлөт, ошондой эле арыздар каралып, башка процедуралар да ишке ашырылат.

Мындан тышкары, зыяратчыларды ташуучу авиакомпанияны тандоо, эмдөөнү уюштуруу жана ажылар үчүн бирдиктүү форманы даярдоо сыяктуу маселелер да талкууланды.