Ноокат шаарынын мэриясынын жетекчилиги шаарды таза суу менен камсыздоо долбоорунун аткарылышын жеринен көрүп чыгышты. Иш сапардын алкагында курулуш иштеринин сапаты бааланып, долбоордун калган бөлүгүн өз убагында бүтүрүү маселелери каралды.

Долбоор Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан колдоого алынган. Анын жалпы наркы 4,2 миллион еврону түзөт. Мэрия өкүлдөрү аткарылган иштердин сапатын текшерип, калган иштердин мөөнөтүн такташты.

Ошондой эле Кара-Турпак жана Таштак участкаларынын тургундары менен жолугушуу өттү. Анда жашоочулар өз көйгөйлөрүн, сунуштарын жана пикирлерин айтышты.

Жолугушууда шаарды таза суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча көтөрүлгөн маселелерди чечүү жолдору талкууланды. Тараптар пикир алмашып, долбоордун натыйжалуулугун арттыруу багытында сунуштарды карашты.

Бул иш-чара Ноокат шаарынын тургундарын сапаттуу таза суу менен камсыздоо багытындагы аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.