Кыргызстан монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МСАП) 61-жыйынында атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополияга каршы жөнгө салууну санариптештирүү боюнча демилгелерин сунуштады. Жыйын 28–29-октябрда Азербайжандын Ханкенди шаарында өттү. Бул тууралуу 5-ноябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Жыйынга КМШнын жети мамлекетинин монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү, КМШ Аткаруу комитети, Евразия экономикалык комиссиясы жана Монополияга каршы эксперттер ассоциациясы катышты.

Кыргыз тарап "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын жана күйүүчү-майлоочу майлардын ички рыногун турукташтыруу практикасын айтып берди. Бул практикага нефтетрейдерлерди субсидиялоо, күйүүчү майдын запастарын түзүү жана салыктык жеңилдиктер кирет.

Мындан тышкары, Кыргызстан социалдык маанидеги товарларга бааларды көзөмөлдөөнүн санариптик системасын жана "Мониторинг цен САР" мобилдик тиркемесин тааныштырды.

Катышуучулар санариптик платформаларды жөнгө салуу, жасалма интеллектти колдонуу, биржалык сооданын ачыктыгын, чек арадагы товардык рынокторду көзөмөлдөө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар МСАПтын 62-жыйынын 2027-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда өткөрүү боюнча макулдашышты.