Ош облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокат райондук электр тармактар башкармалыгында көп суммадагы электр энергиясынын уурдалышы аныкталды.

Надзор орган тарабынан табылган мыйзам бузуулар мамлекетке 4,8 миллион сомдон ашык каражаттын зыянга учурашына себепкер болгон.

Бул окуя жергиликтүү электр тармактарын башкарууда туура эмес иштер жүрүп жатканын жана мамлекеттин ресурстарына зыян келтирилип жатканын көрсөтүүдө.