Азыркы коомдо эт жана майды жегенден корккону модага айланып калды. Бирок Нарын облусунун облус аралык ооруканасынын башкы дарыгери Айнура Асанова кыргыздардын салттуу тамактануусунан баш тартуу алардын генофондуна туура келбесин белгиледи.
Асанова кыргыздар дүйнөдөгү эң байыркы кочевник элдердин бири экенин жана алардын организминде эт азыктарын тез жана толук сиңирүүгө мүмкүндүк берген атайын ферменттер бар экенин айтты.
Ал Франциянын Тамактануу институтунун жүргүзгөн изилдөө иштерине таянып, бешбармактын курамында кыргыздардын организмине пайдалуу элементтер бар экенин белгиледи.
Дарыгер этти майлуу түрүндө жеген пайдалуу экенин, май организмде щелочтук чөйрөнү түзүп, эт азыгын жеңилирээк сиңирүүгө жардам берерин түшүндүрдү. "Кууш эт" болсо ашказанга жүктөм болот деп айтты.
Ошондой эле ал этти улуттук суусундуктар менен кошо жегенден ден соолукка пайда чоң экенин баса белгиледи.












