Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун уюштуруусу менен аймакта «Кандагы канттын деңгээлиңди бил» аттуу эки күндүк акция башталды. Бул иш-чаранын алкагында облустун бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана фельдшердик-акушердик пункттарда (ФАП) калк өзүнүн кант деңгээлин акысыз текшерте алат.
Акыркы маалыматтарга ылайык, акция учурунда калкка кант диабетинин белгилери жана оорунун алдын алуу жолдору тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле, медициналык кызматкерлер үчүн атайын түшүндүрүү семинарлары уюштурулууда.
Нарын облусундагы диабет менен каттоодо турганлар
Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эндокринолог дарыгери Нуржамыйлы Кулукееванын билдиргендей, учурда облуста кант диабети боюнча болжол менен 4 миң пациент каттоодо турат. Алардын ичинен 50өөсү өспүрүмдөр.
Дарыгердин айтымында, каттоодо турган эң кичинекей бейтаптын жашы болгону 3да. Адистер ооруну эрте аныктоо жана алдын алуу үчүн канттын деңгээлин үзгүлтүксүз текшертип туруу зарыл экенин белгилешет.






