Кыргызстандын Юстиция министрлиги нотариалдык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарууга жөнетти. Тиешелүү документ ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталда жарыяланды.
Сунушталган өзгөртүүлөр 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйрукка киргизилет. Бул алкакта нотариат чөйрөсүндөгү айрым жоболорду жана тартиптерди бекиткен алты пункттын күчүн жоготкон деп таануу каралууда.
Эмнелер өзгөрөт?
Өзгөртүүлөр төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Мамлекеттик жана жеке нотариустардын кесиптик ишмердүүлүгүн текшерүү тартиби
- Жеке нотариалдык практиканы лицензиялоо
- Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасынын иштеши
- Квалификациялык комиссиянын ишмердүүлүгү
- Келечектеги нотариустардын стажировкадан өтүү тартиби
- Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрин жүргүзүү
Өзгөртүүнүн себеби
Юстиция министрлигинин түшүндүрмөсүнө ылайык, документтерди кайра карап чыгуу ведомствонун ыйгарым укуктарын тактоо зарылчылыгы менен байланыштуу. Кээ бир ченемдик актылар Министрлер Кабинети тарабынан берилген ыйгарым укуктардын негизинде бекитилсе, башкалары түздөн-түз «Нотариат жөнүндө» Мыйзамдын негизинде кабыл алынышы керек.
Министрлик учурдагы талаптар жокко чыгарылбай тургандыгын жана нотариустарды жөнгө салуу токтобой турганын баса белгилейт. Жаңы жоболор Мыйзамда түз каралган ыйгарым укуктардын негизинде министрликтин өзүнүн өзүнчө актылары менен бекитилет.








