17-ноябрда Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн биринчи орун басары Максат Байджигитов Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Мессерлинини кабыл алды. Жолугушуунун негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана аймактык долбоорлорду талкуулоо болду.

Тараптар Талас облусундагы сугат суусун камсыздоо, таза суу менен иштешүү жана саркынды сууларды тазалоо боюнча долбоорлорду карашты. Ошондой эле Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондорун камтыган ирригациялык долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Швейцария тарабы бул тармактардагы демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коммуналдык жана чарбалык иштерди жакшыртуу үчүн атайын техникалар тапшырылды. Бул техникалар жергиликтүү кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.

5даана атайын техника
6Бакай-Атадагы айыл аймактары
1Кең-Кол айыл аймагы
1Талас шаары