Бишкек шаарында 24-ноябрдын кечинде тез жардам унаасынын айдоочусу менен жеке автоунаа айдоочусунун ортосунда чыр-чатак болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Тез жардам медициналык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя саат 22:30дө болгон. Жеке унаа айдоочусу атайын транспортко жол бербей, медицина кызматкерлерине жаман сөздөрдү айтып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бишкек шаардык Тез жардам медициналык кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кызматкерлер айдоочуну тез арада аныктап, чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИМдин 5-ички иштер бөлүмүнө жеткирип келишкен.

11 000 сом айып пул

Айдоочуга карата түзүлгөн протоколдордун жалпы суммасы.

Учурда айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (бөлчөккө хулигандык кылуу) боюнча протокол түзүлдү. Андан сырткары, анын айып пулу 11 миң сомду түздү. Айдоочу убактылуу кармоо камерасына жабылды.