Нарын электр тармактары ишканасынын жаңы директору болуп Нурлан Имашов дайындалды. Бул тууралуу ведомство тарабынан билдирилди.
Ошондой эле, Казыбек Аскарбек уулу ишкананын башкы инженери кызмат ордуна которулду. Жаңы дайындалган адистер энергетика тармагында абдан көп жылдан бери иштеп келишет.
Маалыматка ылайык, Нурлан Имашов 1992-жылдан бери энергетика тармагында эмгектенип келет. Ал мурун ушул эле ишкананын башкы инженери болуп кызмат өтөгөн. Ал эми Казыбек Аскарбек уулу 2002-жылдан бери тармакта иштеп, мурда башкы инженердин орун басары болуп иштеген.
Алар ишмердүүлүк учурунда тармакты өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, бир катар сыйлыктар менен сыйланган.










