Нарын шаарындагы «Шаарча» микророюнунда заманбап талаптарга жооп берген коомдук сауна курулуп жатат.
Азыркы учурда курулуштун жалпы көлөмү 85%ын түзгөн. План боюнча объект октябрь айында толук бүткөрүлүп, ишке берилет.
Курулуш үчүн 162 миллион сом бөлүнүп, ишке 40 жумушчу тартылган.
Бананын курулушунун өзгөчөлүктөрү
Үч кабаттан жана бир жарым кабаттан турган бинеде заманбап шарттар каралган.
- Жарым кабатта – заманбап спортзал жана ыңгайлуу кийим алмашуу бөлмөлөрү
- Экинчи кабатта – кенен бассейн, заманбап душ кабиналары жана сауна жайлары
- Үчүнчү кабатта – сулуулук салону, ашкана, массаж жана эс алуу бөлмөлөрү, ошондой эле атайын СПА-салондор бар
Жаңы комплексти пайдалануу менен шаар тургундары менен коноктору үчүн эс алуу, ден-соолукту чыңдоо жана бош убакыт өткөрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлмөкчү.












