Ookla компаниясынын берген маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча май айында медианалык мобилдик интернет ылдамдыгы 113,16 Мбит/с түздү. Бул көрсөткүчтөн алда канча төмөн Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнүн рейтингдеги ордун жоготуп жатышат.

Рейтингде биринчи орунда Бириккен Араб Эмираттары (642,86 Мбит/с) бар, экинчи орунду Катар (570,41 Мбит/с) ээлеп жатат. Рейтингдин алгачкы ондугунда ошондой эле Кувейт, Бахрейн, Бразилия сыяктуу өлкөлөр бар.