Акыркы аптада Кыргызстандын энергетика тармагындагы абал парламентте кызуу талкууланып, энергетика министри Алтынбек Рысбековдун билдирүүлөрү коомчулукта резонанс жараткан. Тактап айтканда, министр атомдук электр станциясын куруу мезгил талабы экенин белгилеген. Бул пикирдин негиздүүлүгүн баалоо үчүн, энергетика системасын ичтен билген мурдагы энергетика министри Таалайбек Ибраевдин ой-пикирин сурадык.
Ибраев белгилегендей, Кыргызстан экономикалык жактан кубаттуу мамлекетке айлана баштады. Элдин саны гана эмес, экономика да өсүп, өлкө күн сайын өнүгүү жолунда баратат. Ал эми калктын саны менен экономика өскөн жерде электр энергиясына болгон суроо-талап да кыйла жогорулайт.
Ошондуктан, мурдагы министрдин айтымында, азыркы энергетикалык абалдан улам атомдук электр станциясын куруу маселесин колдоо зарыл. Ал бул пикирин министр Рысбековдун сөзүнө кошулуп, анын айтканында негиз бар экенин баса белгиледи.
Ибраев кошумчалагандай, атомдук электр станциясын куруу маселеси кезегинде өлкө жетекчилиги менен талкууланган. Тактап айтканда, Кыргызстан тарабы «Росатом» менен АЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2022-жылдын январында баштаган. Ошондой эле, кичи атомдук станцияларды куруу жаатында дагы иштер алга жылып жатат.


















