Энергетика министрлиги техникалык университеттерде атомдук энергетика тармагы боюнча адистерди даярдоо үчүн кафедра же факультет ачууга пландашты. Министр Алтынбек Рысбеков бул тууралуу 21-октябрьдеги Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берген. Министрдин айтымыша, АЭС куруу – бул замандын талабы болуп калды.
Атомдук энергетикага өтүү маанилүү
Депутат Улан Примов Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында атомдук электростанция куруу боюнча иштерди азырден баштоо керектигин баса белгиледи. Ал жергиликтүү суу энергетикалык потенциалди максималдуу пайдалануу зарыл экенин айтып, бирок келечектеги абалы тууралуу так айта албайт. Примов, Казакстандын көптөгөн жылдар бою бул маселени талкуулап, референдум өткөрүп, 2027-жылы курууга баштай турганын, ал эми Өзбекстанда АЭС курулуп жатканын эске салып, «Биз Борбор Азияда артта калбай, зарыл болсо алдыга кетишибиз керек» деп билдирди.









