Бишкек шаарындагы Московская жана Орозбекова көчөлөрүнүн айкалышында окуя болду. Ал жерден скутерист жөө жүрүүчүнү кагып кеткендиги билдирилди.

Бул окуя айдоочулардын жоопкерсиз жүрүм-туруму жана коомдогу жалпы көйгөйлөрдү кайрадан көтөрдү. Атап айтканда, көптөгөн скутеристтер мамлекеттик номерсиз жүрүп, жол кырсыгы болгон учурда окуя болгон жерден качып кетишет.