Бүгүн, 26-ноябрда, Коргоо министри Руслан Мукамбетов Кыргыз улуттук аскердик лицейине барып, андагы жеке курам, тарбиялануучулар жана мугалимдер менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун пресс-кызматы билдирди.

Мындан тышкары, министр Бишкек гарнизонуна караштуу бир катар аскердик бөлүктөрдү кыдырып, алардын коллективдери менен жолугушту. Жолугушуулардын алкагында аскерлердин ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө күнүмдүк ишмердүүлүк, кызмат өтөө шарттары жана турмуш-тиричилик маселелери каралды. Ошондой эле көңүл бурууну жана иш жүзүндө чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселелер айтылды.