Бишкек шаарынын тротуарларындагы кырдаал татаалдашууда. Колдонуучулардын айтымында, жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз аянттар дээрлик жок болуп калды. Буга чейин тротуарларды самокат, велосипед жана скутер айдоочулары ээлесе, эми алардын ордуна автоунаалар чыгып жаткандыгы байкалууда.
Nomad медиасынын билдирүүсүнө караганда, шаардагы жөө жүрүүчүлөр жакынкы арада «жашоо үчүн экзамен» тапшырууга мажбур болушат окшойт. Бул алардын тротуарда коопсуз жүрүү мүмкүнчүлүгүндүн жоктугун билдирет.






