Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы мораторий аяктагандан кийин тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү объекттерди текшерүүнүн жаңы графигин белгиледи. Бул боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу кызматтын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Мурат Кенжебаев маалымат берди.

Текшерүүлөрдүн тартиби объекттердин тобокелдик деңгээлине жараша болот. Мурат Кенжебаевтин айтымында, жогорку тобокелдиктеги объекттер жылына бир жолу, орточо тобокелдиктегилер үч жылда бир, ал эми төмөн тобокелдиктегилер беш жылда бир текшерилет.

Текшерүү мөөнөттөрү

1жылына бир жолу
3жылына бир жолу
5жылына бир жолу

Текшерүүлөр Экономика министрлиги менен макулдашылган жана кварталдар боюнча бөлүнгөн жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт. Эң биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги объекттер көзөмөлгө алынат. Буга жаныбарлардан алынган чийки зат, анын ичинде чийки балык менен иштеген бардык ишканалар кирет.

Эгерде текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, инспекторлор аларды жоюу үчүн көрсөтмө беришет. Эгерде бузуулар өз убагында четтетилбесе, айып пул салынат. Мурат Кенжебаев мораторий учурунда кызматтын текшерүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондугун, болгону мониторинг жана түшүндүрүү иштери менен гана алектенгендигин белгиледи.

Акыркы убактагы уулануу учурларынын көбү чакан тез тамактануу жайларында болууда. Алар көбүнчө туруктуу эмес жана туруктуу жеткирүүчүлөр менен иштешпейт. Ал эми ири кафе жана ресторандар бардык документтери жана лабораториялык изилдөөлөрү бар жеткирүүчүлөр менен иштешет.