Өсүштүн негизги себептери

Бактыгул Абдыжалиев Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКлары жана аналитикалык борборлорунун эл аралык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөп жатып, жүргүзүлгөн реформалардын аркасында Кыргызстандагы камсыздандыруу рыногу акыркы эки жылда тез өсүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, 2024-жылга чейин республикада камсыздандыруу тармагы бөлүк-бөлүк болуп өнүгүп, милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү иш жүзүндө натыйжалуу ишке ашкан эмес. Кыргыз Республикасынын Президенти тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин абал өзгөргөн.

Бүгүнкү күндө камсыздандыруу рыногу дээрлик төрт эсеге өстү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ошол эле мезгилде өз көрсөткүчтөрүн 12,5 эсеге жогорулатып, өлкөдөгү эң ири камсыздандыруу компаниясы болуп калды.
Бактыгул Абдыжалиев

Абдыжалиев Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Кыргызстандагы 100% мамлекетке таандык болгон жалгыз камсыздандыруу компаниясы экенин баса белгиледи. Компания "бир терезе" принциби боюнча иш алып барып, классикалык камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу, экспорттук-кредиттик камсыздандыруу, ошондой эле ислам камсыздандыруу кызматтарын көрсөтөт.

Анын айтымында, уюм бүгүнкү күндө кайра камсыздандыруу боюнча улуттук оператордун жана экспорттук-кредиттик агенттиктин функцияларын да аткарат.

Рыноктун өсүшү жана МКОнун үлүшү

төрт эсеге жакындап