Бишкек шаарында акыркы 100 жыл ичиндеги рекорддук ысыктык катталды. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин директору Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан басылмасынын маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 17-июлдан 19-июлга чейинки аралыкта борбор калаада абанын температурасы 43,5 градуска чейин көтөрүлдү. Бул көрсөткүч байкоолор башталгандан бери катталган эң жогорку температура болуп эсептелет.