Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мигранттарга өлкөдө мыйзамдуу болуунун пайдалуулугун түшүндүрдү. Миграциялык мыйзамдарды бузган жарандар үчүн чыгымдар көптүгүн, иш ээлер жана жеке кардарлар үчүн ыңгайсыздыктар жараларын маалымдашты.
Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу белгилегендей, визалык жана салык төлөмдөрдү өз учурунда төлөө кымбатчылыктан алыс болуучу жол болуп саналат. Мисалы, 31-июлга чейин "жашыл коридор" иштеп турууда.
"Эгерде мыйзамсыз жүрсө, сыртка чыгуучу виза дээрлик 100 миң сомго чейин чыгат, андан сырткары ИИМ миграциялык мыйзам бузуу боюнча протокол түзөт. Жалпысынан 120-130 миң сомго чыгат," — деп түшүндүрдү ал.
Визанын баасы мисалдары

















