Экономика жана коммерция министрлиги Единый реестрге милдеттүү түрдө жүктөлүүчү документтердин тизмесин бекитти. Бул тууралуу министрликтин 2026-жылдын 12-октябрындагы №2 буйругу менен киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылат.
Сериялык өндүрүштөгү продукция үчүн документтер
Сериялык өндүрүштөгү продукцияга шайкештик декларациясын каттоо үчүн реестрге техникалык документация, колдонулуучу стандарттардын тизмеси, алынган үлгүлөрдүн логистикасы боюнча документтер, арыз ээси жөнүндө маалымат, идентификациялоо жана үлгү алуу актылары, сыноо протоколдору, ошондой эле декларацияны каттоо үчүн арыз жүктөлүшү керек.
Продукция партиясы үчүн өзүнчө тизме
Продукциянын партиясына өзүнчө документтер тизмеси каралган. Ага контракттын же жеткирүү келишиминин көчүрмөсү, товар коштомо документтери, стандарттардын тизмеси, арыз ээси жөнүндө маалымат, үлгүлөрдү алуу жана логистика боюнча документтер, сыноо протоколдору жана декларацияны каттоо үчүн арыз кирет.
Сертификат алуу үчүн талаптар
Шайкештик сертификатын жол-жоболоштуруу үчүн да өзүнчө тизме белгиленген. Единый реестрге сертификацияга арыз, арыз боюнча чечим, идентификациялоо жана үлгү алуу актылары, логистика боюнча документтер, сыноо протоколдору, ал эми зарыл болгон учурда өндүрүштүн абалын талдоо актысы жана сертификация схемасына жараша башка документтер жүктөлүшү керек.
















