Манас шаар өкмөтү муниципалдык авто базарды арендага берүү үчүн аукцион өткөрөт. Бул иш-чара 2023-жылдын 16-июлуна белгиленген.
Ижаранын баштапкы баасы айына 1,5 миллион сом болуп коюлду. Иш боюнча бардык тарифтерди өзгөртүү мэриянын макулдугу менен гана мүмкүн.
Арендатор базардын аймагын жана айланасын таза кармоого, тосмолордун, шлагбаумдардын, навесдердин жана коопсуздук постунун абалын туура сактоого милдеттүү.
Ошондой эле, видеокөзөмөл жана электрондук төлөм системасынан колдонууда жоопкерчилик алаары белгиленген. Ижарачы жер жана мүлк салыгын, коммуналдык кызматтарды төлөп, биринчи ай үчүн алдын ала төлөм жасашы керек.
Муниципалдык авторынок 2021-жылы ишке кирип, алгачкы жеке авторынокту алмаштырган. Объекттин жалпы аймагы 3,5 гектарды түзөт.










