Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаштардын ар кандай демилгелерин каржылоого даяр экенин билдирди. Гранттын суммасы бир миллион сомго чейин жетиши мүмкүн.

Министрликтин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков «Кабар» агенттигине берген маегинде бул процесс мамлекеттик социалдык заказ аркылуу атайын комиссия тарабынан ишке ашырыларын айтты.

Каржылоо долбоорлордун багытына карабай берилиши мүмкүн. Бул тармактардын арасында билим берүү, бизнес, волонтердук жана инсандык өсүү сыяктуу багыттар бар.

Жаштар саясаты коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүн камтыйт, ошондуктан ведомство бир гана маданият багыты менен чектелбейт жана активдүү жарандардын ар кандай актуалдуу идеяларын карап чыгууга даяр.
Союзбек Надырбеков, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары