Ислам революциясы коргоочуларынын (КСИР) Аба жана космос күчтөрүнүн жаңы жер астындагы ракеталык шаары ачыкка чыгарылды. Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашы боюнча, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Али Абдоллахи бул стратегиялык объектти текшерип чыкты. Ачылыш аземине Иран Ислам Республикасынын башка аскер башчылары да катышты.
Буга чейин Тегеран ракеталардын учуу аралыгына коюлган чектөөлөр жоюлганын жарыялаган болчу. Ирандын мамлекеттик IRINN телеканалында Европа өлкөлөрүнүн аймактарына жана Украинанын шаарларына ракеталык сокку уруу мүмкүн болгон карталар көрсөтүлдү. Картада Киев, Одесса, Львов шаарлары, ошондой эле Польшадагы Жешув көрүнүп турган. Графикалык схеманын жанында «Биздин ракеталар Европага жетет жана биз америкалык империалисттерди жана алардын союздаштарын жок кылабыз» деген жазуу чыккан.
Бул чектөөлөр биз үчүн алынып салынды, бирок биз бул мүмкүнчүлүктөрдү иш жүзүндө да көрсөтүшүбүз керек.
Ал эми Reuters агенттиги төрт булакка таянып, АКШ Жакынкы Чыгышта Иранга тез арада сокку уруу үчүн жетиштүү күч топтоп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, эгер жаңы чабуул болсо, Ирандын ядролук объекттери, анын ичинде изилдөө борборлору максат болушу мүмкүн.














