Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттерди борборлоштурулган түрдө кабыл алуу жана алар үчүн бардык кыйынчылыктарды азайтуу максатында жаңы мамлекеттик борбор уюштурулат. "Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору" Министрлер кабинети тарабынан каралып, коомдук талкууга чыгарылган долбоордо көрсөтүлгөндей, бул уюм чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу, аларга жардам берүү жана кошумча кызматтарды көрсөтүүдө бирдиктүү координатор катары иштейт.

Бул борбор студенттердин визасын берүү, персоналдык идентификацалык номер (ПИН) алуу, медициналык текшерүүдөн өткөрүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин түзүү сыяктуу бардык процесстерди бир эле жерден жүргүзөт. Буга чейин бул процедуралар ар башка мамлекеттик мекемелерде жүрүп, студенттерге кошумча тоскоолдуктарды жаратып келген.

Жаңы борбор эмне иш кылат?