Мамлекет Талды-Булак, Андаш жана Бала-Чычкан кендерин 100% өз күчү менен иштетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, аталган кендердин лицензиялары инвесторлорго сатылбайт. Аларды иштетүү үчүн «Кыргызалтын» ААКнын алдында адистерден турган команда түзүлдү.
Президент белгилегендей, мамлекет буга чейин Тоголок, Кызыл-Омпол жана Ункур-Таш кендерин өз алдынча иштетип, долбоорлорду каржылоо, техника, жабдуулар жана квалификациялуу кадрлар менен камсыздаган.
Мыйзамдагы өзгөрүүлөр
Садыр Жапаров кен иштетүү тармагындагы бардык долбоорлордо мамлекеттин үлүшү 30% болуп белгиленгенин, буга байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Экология маселеси
Мамлекет башчысы кендерди иштетүүдө экология маселесине өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.
Жеруй кенинин тажрыйбасы
Президент Талас облусундагы Жеруй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишине да токтолду. Анда миңге жакын адам иштейт, алардын көпчүлүгү аймактын тургундары.
Садыр Жапаровдун айтымында, 2026-жылдын тогуз айында эле ишкананын ишинен мамлекеттик казынага салык жана башка төлөмдөр түрүндө 20 миллиард сом түшкөн.
Мамлекет башчысы ошондой эле Жетим-Тоо кенин өздөштүрүү пландары тууралуу айтып берди.






















