2026-жылы Маданият министрлиги 100 млн сомго музыкалык аспаптарды сатып алып, аларды музыкалык мектептерге берүү пландалууда.

Министр Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, бул маселе 14-июлда өткөн ведомствонун жыйынында талкууланган.

Ошол эле учурда, министрлик 75 музыкалык мектепке 75 млн 641 миң сомдук аспаптарды алам деген ниетте.

2025-жылы бул багытта 60 млн сомдук музыкалык аспаптар алынган.

Мамбеталиевдин маалыматына караганда, өткөн жылдан бери вокалдык-аспаптык группаларды түзүү иштери жанданып, 2026-жылы 31 комплект ВИА группаларга сатып алынышы күтүлүүдө.

Бир комплекттин баасы болжол менен 1 млн сом кыймылдаганын министр кошумчалады.

Кошумча түрдө, музыкалык мектептердин директорлорун тандоо боюнча конкурс жарыялоо максаттары каралууда.